Комада жаткан Чүй милициясынын башчысын Москвага алып кетишти

Курманкуловду анын жубайы жана cаламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев коштоп кетти.
Sputnik

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кой-Таштагы окуядан жабыркап комада жаткан Чүй ОИИББдин башчысы Самат Курманкуловду Москвага алып кетишти. Бул тууралуу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков билдирди.

Кой-Таштагы окуядан баш-аягы канча киши жабыркаганы айтылды
Буга чейин аталган ооруканада Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургиялык борбордун профессору Александр Потапов менен нейрохирург Ярослав Латышевдин катышуусунда жыйын өткөн.

Анда Курманкуловду карап чыккан дарыгерлер ага кошумча операция кереги жоктугун, интенсивдүү терапияны улантуу зарыл экендигин айтышкан. Натыйжада аны Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургиялык борборго которуу чечими кабыл алынган.

"Курманкуловду бүгүн, 12-августта, саат 14:00дөр чамасында алып кетишти. Аны жубайы жана саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев коштоп кетти", — деди Жумабеков.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы Самат Курманкуловдун абалы туруктуу экенин маалымдаган.

Эске сала кетсек, Курманкулов 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда башына таш тийип, баш сөөгү жабыркап, мээси чайкалган. Ага Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда эки ирет операция жасалган. 10-августта кыргызстандык дарыгерлер москвалык адистер менен онлайн-консилиум өткөрүп, аларды Бишкекке чакырышкан.