КР дзюдочулары дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Японияда машыгууда

Дүйнө биринчилиги 25-августтан 31-августка чейин Токио шаарында өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргызстандын жети дзюдочусу дүйнөлүк чемпионатка катышуу күн чыгыш өлкөсүндө машыгууда. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, кыргызстандык балбандар Хакамада шаарында даярданып жатат.

Шевченко уругвайлыктарга чимириле лезгинка бийлеп берди. Видео
Кыргызстандын намысын коргой турчу спортчулар — Артур Те, Алмаз Алтынбек уулу, Ишен Аманов, Владимир Золоев, Эрлан Шеров, Юрий Краковецкий, Бекболот Токтогонов.

Андан сырткары, спортчуларды улук машыктыруучу Сергей Мистрюков менен башкы машыктыруучу Абдужалил Юнусов коштоп барды.

Дзюдо боюнча дүйнө чемпионаты 25-августтан 31-августка чейин Токио шаарында өтөт.