2019-жылдын эң акылдуу 10 бүтүрүүчүсү тандаган окуу жайлар

Бул жылы Жалпы республикалык тестирлөөгө 44 миңге чукул бүтүрүүчү катышкан. Алардын көбү орточо көрсөткүчтөн жогору упай топтошкон. Ал эми алтын сертификатты президенттин колунан 51 гана бүтүрүүчү ала алды.
Sputnik

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Ар жылы Кыргызстанда эң акылдуу бүтүрүүчүлөр аныкталып, алар үчүн өлкөнүн бардык окуу жайларынын эшиги ачык болот. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң көп упай алган 10 бүтүрүүчү кайсы жогорку окуу жайды тандаганына кызыгып көрдү.

2019-жылдын эң акылдуу 10 бүтүрүүчүсү тандаган окуу жайлар

Өлкө боюнча жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку упай алган (238 упай) жалалабаддык Элдияр Чормонов Хьюстондо окуй турган болуптур. Ал Жалал-Абаддагы Курманбек баатыр атындагы кыргыз-түрк лицейин бүтүргөн. Элдияр программист болууну каалап North American University (NAU) университетине тапшырганын айтты.

2019-жылдын эң акылдуу 10 бүтүрүүчүсү тандаган окуу жайлар

№70 мектеп-гимназиясынын сыймыгы аталган Нуртегин Көлбаев (234 упай) Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин тандаган. Бүтүрүүчүнүн айтымында, ал дайыма программалык инженерияга кызыкчу. Мындан улам ал документтерин "Маалымат технологиясы" факультетине тапшырган.

2019-жылдын эң акылдуу 10 бүтүрүүчүсү тандаган окуу жайлар

Баткен облусунун Лейлек райондук №1 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Аида Борукулова (231 упай) бала кезинен дарыгер болууну самачу экен. Эми кыялы орундалып Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти болду. Ал "Дарылоо иши" факультетине тапшырган.

2019-жылдын эң акылдуу 10 бүтүрүүчүсү тандаган окуу жайлар

"Семетей" лицейин аяктаган Талантбек Жеңишбек уулу (231 упай) Борбор Азиядагы Америка университетин тандаган. Ал да программист кесибин жактырган.

2019-жылдын эң акылдуу 10 бүтүрүүчүсү тандаган окуу жайлар

№20 кыргыз-түрк кыздар лицейинин сыймыгы Гулшода Мамажанова (231 упай) дагы ушул эле окуу жайдын студенти болду. Акылдуу бүтүрүүчү бул окуу жайдан программалык инженерияны өздөштүрө турганын айтты.

2019-жылдын эң акылдуу 10 бүтүрүүчүсү тандаган окуу жайлар

Бишкектеги №12 окуу-тарбия мектеп-гимназия комплексинин бүтүрүүчүсү Дария Мусаева (231 упай) Москвадагы ядролук изилдөө улуттук университетине (МИФИ) тапшырган. Бул окуу жайда Дария биотехникалык система жана технология тармагында билим алмакчы.

2019-жылдын эң акылдуу 10 бүтүрүүчүсү тандаган окуу жайлар

Борбор калаадагы №38 окуу-тарбия комплексин бүтүргөн Анастасия Чичкова (230 упай) Россиянын түндүк борборунда окуй турган болуптур. Ал Санкт-Петербург шаарындагы политехникалык университетине тапшыра тургандыгын айтты. Чичкова прикладдык математика же программалык инженерияны тандаганы жатат.

2019-жылдын эң акылдуу 10 бүтүрүүчүсү тандаган окуу жайлар

"Себат" кыздар лицейин аяктаган Сезимай Эрали кызы (230 упай) "Ала-Тоо" эл аралык университетинин студенти болду. Ал дагы "Компьютердик инженерия" факультетин тандаган.

2019-жылдын эң акылдуу 10 бүтүрүүчүсү тандаган окуу жайлар

Жалал-Абаддагы Курманбек баатыр атындагы кыргыз-түрк лицейин бүтүргөн Тыныбек Эржигит уулу (230 упай) дагы "Ала-Тоо" эл аралык университетине тапшырган. Бирок ал медициналык факультетке өткөн.

2019-жылдын эң акылдуу 10 бүтүрүүчүсү тандаган окуу жайлар

№67 окуу-тарбия мектеп-гимназия комплексинин бүтүрүүчүсү Алина Мухомедьярова (229 упай) Борбор Азиядагы Америка университетинин "Программалык инженерия" факультетине тапшырган.

Алтын сертификатка ээ болгондордун көбү өлкөнүн кайсы аймагынан экенин бул материалдан окуй аласыздар.