Кой-Таштагы чыр: абакта жатып алып аткаминерлерди алдаган киши табылды

Камакта отурган жаран депутаттарга, аткаминерлерге жана коомдук ишмерлерге телефон чалып, өзүн президенттин аппаратынын кызматкери катары тааныштырган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргызстанда камактагы киши министрликтерге, мамлекеттик кызматтарга жана КСДПнын маалымат катчысына телефон чалып өзүн президенттин аппаратынын кызматкери катары тааныштыруу менен жалган маалыматтарды тараткан. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Милициядан билдиришкендей, алдамчылык үчүн соттолгон 1987-жылкы Т.К. аттуу киши №1 түзөтүүчү колониядан жанындагы адамдан телефон алып, үнүн өзгөртүү менен ар кимге чалып сүйлөшкөн.

"Т.К. көрсөтмөсүндө байланышка чыккан жогорку кызматтагы аткаминерлер менен коомдук ишмерлердин бардыгынын тизмесин берген. Ал өзүн президенттин аппаратынын кызматкери катары тааныштырып, ЖК депутаты Асел Кодурановага чалган. Эл өкүлү мурдагы президент А. Атамбаев менен жолугуштурууну убадалаган. Ал ошондой эле КСДПнын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаевага да телефон чалган. Ал өзүн аткаминер катары тааныштырып, 7-8-августтагы окуялар боюнча маалымат алып турган. Мындан башка ЖКнын депутаты Гүлкан Молдобекова, транспорт министринин орун басары, Бишкек мэриясынын кызматкери, Экономика министрлиги жана башка мамлекеттик органдар менен байланышка чыккан", — деп айтылат маалыматта.

Т.К. жана анын жанындагы киши айып изоляторуна которулду. Далил катары телефондор алынган. Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.

Милиция бул кишилерден жабыркагандар болсо 0 (312) 26-62-61 номерине кабарлап коюуну өтүнөт.