50 жаштагы модель жаштыгынын сыры менен бөлүштү. Сүрөт

Моделди көпчүлүк 17 жаштагы уулунун эжеси деп ойлошот.
Sputnik

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Англиялык 50 жаштагы модель Шани Хаган жаштыгынын сыры менен бөлүшкөнүн The Sun басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, моделди көпчүлүк адамдар 17 жаштагы уулунун эжеси деп ойлошот.

​Шани Хаган 50 жашында "Аалам жылмаюусу" сулуулук сынагынын экинчи вице-сулуусу аталган. Ал бетине бырыш түшүрбөө үчүн ботокс жана башка каражаттарды колдонбогонун айтып келет.

"Жаштыгымдын сыры жөнөкөй. Мен эч ким менен мамиле курбайм. Жашоомдо мени санаага салган эркек жок. Ошондуктан бетимден карылыктын белгилери байкалбайт", — деди Хаган.

Модель бетке бырыш түшүрбөө үчүн уктаар алдында балдан маска коерун кошумчалады. Ошондой эле жашылча-жемишти көп жеп, күндүз нормага ылайык суу ичип, уйкусун кандыраарын айткан.