Ысык-Көлдө бир күндө төрт киши чөгүп кетти

Каргашанын баары 10-августта болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Көлгө бир күндө төрт киши чөгүп кетти. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук милициясынан кабарлашты.

Ага ылайык, окуя 10-августта болгон.

Чаткал дарыясына түшүп кеткен жаран Өзбекстандын аймагынан изделүүдө
Бостери айылында жайгашкан пляждагы сууга жаш бала чөгүп кеткени тууралуу билдирүү саат 13:45те келип түшкөн. Кырсык болгон жерге келген куткаруучулар 12 жаштагы бала чөгүп кеткенин аныкташкан. Бир туугандары менен Бишкектен 10-август күнү эс алганы келгени белгилүү болгон.

Кийинки окуя Чолпон-Ата шаарындагы "Шаардык" эс алуу жайында болгон. Саат 14:15те милицияга кабар келген. Бишкек шаарынын 33 жаштагы тургуну менен 19 жаштагы тургуну көлгө түшүп жатканда толкун болуп, 33 жаштагы жаран жээкке чыкканга үлгүрүп, экинчиси үлгүрбөй калган.

"Окуя болгон жерге келген куткаруучулар көлдөн 19 жаштагы жарандын сөөгүн жарым сааттан соң таап алып чыгышкан. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды", — деп айтылат маалыматта.

Үчүнчү кырсык Кош-Көл айылында жайгашкан "Ак-Жол" эс алуу жайы менен "Дордой" эс алуу жайынын ортосунда болгон. 35 жаштагы киши сууга чөгүп кеткен. Ал Бишкектен 37 жаштагы аял менен чогуу эс алганы келген.

Төртүнчү каргаша кечки саат 16:00дөр чамасында "Бостери" пансионатында болгон. Маркум 30 жашта жана Талас облусунун Кара-Буура районунун тургуну экени аныкталган. Алдын ала маалымат боюнча, ал өзү жалгыз эле эс алганы келген.