UFC рекордун жаңылады. Шевченко беттеште башка бир гана жолу сокку жеди

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко Уругвайда өткөн мелдеште экинчи ирет чемпиондук титулун коргоду.
Sputnik

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Жеңил салмак категориясы боюнча чемпион Валентина Шевченко 25 мүнөттүк беттеш учурунда башына олуттуу сокку албаган UFC уюмунун мушкери болуп калды. Бул тууралуу Sports.ru порталы жазды.

Шевченко жеңишинен кийин: Нуньеспи же башкасыбы, келсин, октагондон күтөм!
Уругвайда өткөн UFC Fight Night 156 турниринде Шевченко АКШлык мушкер Лиз Кармушту жеңип алды. Алар беш раунд мушташып, жыйынтыгында калыстар бир добуштан жеңишти Шевченкого ыйгарышкан.

Беш раунддук беттеште Валентина каршылашы Кармуштан башына олуттуу делген бир гана сокку алган. Ошентип, кыргызстандык мушкер легендарлуу Жорж Сен-Пьердин рекордун жаңылады. Сен-Пьерд атаандашы Дэн Хардиден башына олуттуу үч сокку жеген болчу.

31 жаштагы Шевченко ушуну менен экинчи ирет чемпиондук титулун коргоп жатат. Биринчи жолу ал чемпиондук титулун Жессика Ай менен мушташып коргогон.