Оштун "Сулайман-Тоо" мечитинде өткөн айт намаз. Сүрөттөр

Курман айт Орозо айттан 70 күн өткөндөн кийин белгиленет.
Sputnik

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Ош шаарынын эң ири "Сулайман-Тоо" мечитинде окулган айт намазга 10 миңден ашуун киши катышты. Бул тууралуу калаанын мэриясы билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда Курман айт белгиленип жатат.

Айт намазга шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, дин өкүлдөрү, мекеме, ведомство башчылары катышып, куттуктоо сөздөрүн, каалоо-тилектерин айтышты.

Мэрия шаардагы 32 мечиттин баарында айт намаз окулду деп билдирди.