Үч өлкөнүн аскердик альпинисттери Ленин чокусун багындырышты. Сүрөт

Бийиктикке чыгуунун башкы максаты КМШ мамлекеттеринин куралдуу күчтөрүнүн достук мамилесин бекемдөө болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кыргызстан, Россия жана Өзбекстандын аскердик альпинисттеринин тобу Ленин чокусуна чыгышты. Бул туурасында өлкөнүн Башкы штабынын маалымат кызматы билдирди.

Бийиктикке чыгуунун негизги максаты — КМШ мамлекеттеринин куралдуу күчтөрүнүн достук мамилесин бекемдөө экендиги айтылат. Иш-чара КМШ өлкөлөр Кеңешинин чечими менен болгон. Ошондой эле Улуу жеңиш күнүнүн 75 жылдык мааракесине карата ишке ашкан.

Чокуга чыккандар мамлекеттеринин желегин желбиретип, эстелик тактасын коюшкан.