Кыдырата тизилген аткаминерлер... Эски аянтта окулган айт намазы сүрөттө

Sputnik

Оштун "Сулайман-Тоо" мечитинде өткөн айт намаз. Сүрөттөр
Майрамдык намаз эртең мененки саат 7.45те башталган. Мусулмандардын алдына алгач бийлик өкүлдөрү менен аалымдар чыгып сүйлөдү. Андан соң муфтий Максат ажы Токтомушев элди куттуктады.

Майрамдык намазда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, президенттин аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев жана мэр Азиз Суракматов баштаган аткаминерлер болду.

1 / 13
Курман айт майрамы бул жылы 11-августка туура келди.
2 / 13
Таң айтпай майрамдык айт намазын окууга келе жаткан кишилер.
3 / 13
Айт намаз Бишкекте 7:45те башталды.
4 / 13
Ал адаттагыдай эле эски аянтта өттү.
5 / 13
Майрамдык намазга он беш миңден ашуун киши чогулган.
6 / 13
Коомдук тартипке 2000дей милиция кызматкери көз салды.
7 / 13
Айт намазга келген өспүрүм.
8 / 13
Аянтка келгендерге аалымдар баян айтышты.
9 / 13
Майрамдык намазда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, президенттин аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев жана мэр Азиз Суракматов баштаган аткаминерлер болду.
10 / 13
Алакан жайып бата кылган эл.
11 / 13
Айт намазга жаш баладан аксакалдарга чейин келген.
12 / 13
Майрамдык намаз бүткөн соң мусулмандар бири-биринин ал-жайын сурашты.
13 / 13
Бул күнү араздашып кеткен тууган, теңтуш же башка адамдардан кечирим сураса сообу көбүрөөк тиет.