Бишкектин борборунда "Гелендваген" менен минивэн кагышты. Сүрөт

Жол кырсыгы бүгүн эртең менен болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Калык Акиев менен Михаил Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде Mercedes-Benz G-класс үлгүсүндөгү унаа менен Toyota Ipsum кагышты. Окуянын видеосун күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу жиберди.

Анын айтымында, жол кырсыгы 11-августта, саат 11:00дөр чамасында болгон. Кырсыктан эки киши жабыркаган. Алардын бирөө "Гелендвагендин" айдоочусу.

Милиция жол кырсыгы болгонун тастыктап, үч киши жабыркаганын кошумчалады.