Кыргызстандык балбандар дүйнө биринчилигине Азербайжанда даярданат

Алар 14-22-сентябрь күндөрү Нур-Султан шаарында өтө турган мелдешке катышат.
Sputnik

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбандар Азербайжанда дүйнө чемпионатына даярдана баштайт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Шевченко курун талашкан Кармуш менен көз караштар таймашында. Видео
Маалыматка ылайык, грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын спортчулары Баку шаарында 11-августтан 24-августка чейин машыгат. Ал спортчулардын арасында Каныбек Жолчубеков, Мурат Рамонов, Узур Жузупбеков, Руслан Царев да бар. Алардын даярдыгы үчүн Олимпиадалык спорттун түрү боюнча дирекциясы 543 миң сом бөлдү.

Дүйнө биринчилиги 14-22-сентябрь күндөрү Нур-Султан шаарында өтөт.