Кой-Таштагы окуядан баш-аягы канча киши жабыркаганы айтылды

Соңку маалыматтарда, жабыркагандардын саны 98 деп айтылып келген.
Sputnik

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда жалпысынан 136 кишиге медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Ага ылайык, 7-9-август күндөрү дарыгерлер 136 кишиге жардам көрсөтсө, анын 109у ооруканага барып дарыланган, ал эми 27си Кой-Таштан жардам алган.

Башына таш тийген Чүй ОИИББ башчысы Курманкулов эсине келе элек
Учурда 14 адам ар кандай жаракат менен Бишкектин жана Чүйдүн медициналык жайларында дарыланууда. Алардын абалы туруктуу. Жабыркагандардын арасында Чүй ОИИББдин башчысы Самат Курманкуловдун абалы оор экендиги айтылат

Белгилей кетсек, 7-8-август күндөрү күч түзүмдөрү Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүнөн алып кетүү үчүн атайын операция жүргүзгөн. Мурунку президенттин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Мунун кесепетинен спецназдын бир жоокери каза таап, 100гө чукул киши ар кандай жаракат алган.

Натыйжада Атамбаев жана анын жакын адамдары кармалды. Мындан сырткары, спецназ аскерлерин барымтага алган жана Бишкек шаарында массалык башаламандык уюштурууга шектелгендер колго түшүрүлүп, айрымдары күбө катары суракка чакырылууда.