Айт намазы учурунда коомдук тартипке эки миңдей милиционер көз салат

Аянттын айлана-тегерегине мобилдик өткөрүү пунктулары коюлмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкекте айт намазы учурунда коомдук тартипти сактоо үчүн эки миңдей милиция кызматкери иш алып барат. Бул туурасында Бишкек ШИИББден кабарлашты.

Курман айт намазы эртең, 11-августта, калаадагы эски аянтта окулат.

Бишкек милициясы тыюу салынган буюмдарды аныктоо үчүн аянттын айлана-тегерегине мобилдик өткөрүү пунктулары коюла турганын эскертти.

ШИИББ көйгөйлөр жаралса 102 номерине кайрылууну кошумчалады.