ИИМ Атамбаевдин үйүнөн табылган бир нече куралдын сүрөтүн жарыялады

Арасында УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлеринен тартып алынган курал-жарактар да бар.
Sputnik

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин милиционерлер анын үйүнөн ар кандай үлгүдөгү курал-жарак жана ок-дарыларды тапты. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди. 

ИИМ Атамбаевдин үйүнөн табылган бир нече куралдын сүрөтүн жарыялады

Тинтүү учурунда Драгунов снайпер мылтыгы магазини менен, өзү октолуучу Симонов карабини, пулемёт-тапанча конструкциясынын негизиндеги "Капрал" тапанчасы, белекке берилген 7,62 миллиметр калибрлүү ТТ үлгүсүндөгү тапанча эки магазини менен табылган. 9 миллиметрлик калибрлүү GM-100 маркасындагы эки тапанча, "Сайга" карабини, ТОЗ эки көздүү куралы, Fabarm, ZOLI жана PROGRESS куралы табылган. Жалпысынан 11 даана курал-жарак жана ок-дары алынды.

Кой-Ташта каза тапкан жоокердин өлүмүнө шектүүлөрдүн сүрөтү жарыяланды
Мындан сырткары, УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлеринен тартып алынган желим ок атуучу жети курал алынган.

Учурда ИИМ алынган курал-жарактар боюнча тиешелүү криминалдык экспертиза жүргүзүп жатат.

Белгилей кетсек, ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун курал-жарактарды өткөрүп алып жаткан видеосу Атамбаевдин Facebook баракчасына жарыяланган.

Андан мурдараак Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Атамбаевдин тарапташтары күч колдонуп, спецназдын желим ок аткан 26 куралын, АК74 үлгүсүндөгү 14 автоматты жана 15 тапанчаны ок-дарысы менен тартып алгандыгын билдирген.