КСДП өкүлдөрү Алга Кылычев менен Амантур Жамгырчиев кармалды

Кой-Таштагы окуя боюнча Атамбаевдин тарапташтары суракка чакырылууда.
Sputnik

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. УКМК кызматкерлерин барымтага алуу жана массалык башаламандыкты уюштурууга шектелип КСДП штабынын өкүлдөрү Алга Кылычев менен Амантур Жамгырчиев кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Кой-Таштагы жаалданган элдин ичинен уулун таппай... Жүрөк тилген видеорепортаж
Билдирүүгө ылайык, ИИМдин Тергөө кызматы Кой-Таштагы окуялар боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бир нече тарапташын суракка чакырып жатат. Ал эми Кылычев менен Жамгырчиев Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Белгилей кетсек, кечээ, 9-августта, Кой-Таштагы окуялар боюнча Атамбаевдин үзөңгүлөштөрү — Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова жана экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев суракка чакырылган. КСДП төрагасынын орун басары Фарид Ниязов Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Алмазбек Атамбаев болсо 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камалды.

Ал эми мурдагы президентке таандык "Медиа-Форум" АК жана "Апрель ТВ" телеканалынын мүлкү камакка алынган. Мындан улам аталган телеканал ишин токтотту.