БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Сауд Аравиясынын Мекке шаарына ажылыкка барган кыргызстандык үч адам каза болду. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев тастыктап берди.
Атабаев кыргызстандыктар оорудан улам каза болгонун билдирип, эмне дарттар экендигин тактаган жок. Ошондой эле аты-жөндөрү дагы белгисиз.
Муфтияттын өкүлү кыргызстандыктардын сөөгү Мекке шаарында жерге берилгенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 16-июлдан 17-июлга караган түнү Бишкек — Медина багыты боюнча учуп кеткен. Жалпысынан Бишкек менен Оштон 18 каттам уюштурулган.
Сауд Аравия быйыл Кыргызстанга 6010 квота бөлгөн.