Көлгө келген ЕАЭБ премьерлери боз үйдө отуруп баарлашты. Сүрөт

Жыйын Чолпон-Ата шаарында өтүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында ЕАЭБдин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына келген премьерлер бейрасмий маектешүүсүн боз үйдө өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Андан соң өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны кеңири курамда өтүп, жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлган.

Өкмөт башчы жыйындын катышуучуларын Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө макулдашууга кол коюлушунун 5 жылдыгы жана Евразия интеграциясы идеясынын 25 жылдыгы менен куттуктап, бүгүнкү жыйынды Кыргызстанда өткөрүү сунушун кабыл алгандыгы үчүн кесиптештерине ыраазычылык билдирген.

Эске салсак, ЕАЭБге Россия, Казакстан, Армения, Белоруссия, Кыргызстан кирет.