Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келиши. Видеотрансляция

Экс-депутат Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келе жатат. Анын партиялашы Мирлан Жээнчороев бул маалыматты ырастады.
Sputnik

Слесарев: Атамбаев УКМКдагы тергөө документтерине кол койгон жок
Быйыл апрель айында Бишкекке кайтып келүү ниетин билдирип, кийин ал чечиминен баш тартканы тууралуу элге кайрылуу жасаган.

Ал ортодо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет эгер Бабанов Кыргызстанга келе турган болсо, мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартыла турганын айткан. УКМК Бабановго эки кылмыш иши козголгонун эскертти. Биринчисинде, улут аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылса, экинчисинде, бийликти күч менен басып алмакчы болгон деп күнөөлөнгөн.