БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Аламүдүн районундагы Ала-Арча коругуна 9-августта эс алганы барган австриялык туристтин буту сынды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, турист тоого чыгып баратканда жабыркаган. Чет элдиктерди коштоп бараткан туристтик фирманын гиди бейтапты тоодон түшүрүп берүү үчүн ӨКМге кайрылган.
"Куткаруучулар окуя болгон жерге барып, саат 17:47де жабыркаган аялды тоодон түшүрүп, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен", — деп айтылат маалыматта.
Жабыркаган туристтин абалы канааттандырарлык.