Милиция түндө башаламандык уюштурду деп 40 кишини кармады

Бишкек ШИИББ башаламандык уюштурууга аракет кылгандарды аныктоо жана кармоо иштери дагы деле жүрүп жатканын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы 9-августка караган түнү "борбор калаада башаламандык уюштурду" деп 40 киши кармалганын билдирди.

Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы тандалды
Ага ылайык, кечээ түнү борбор калаанын чок ортосунда чогулган миңден ашык адам башаламандык кылгысы келген. Алар бир нече ирет Жогорку Кеңешке, соода борборлоруна жана дүкөндөргө кирүүгө аракет кылышкан. Мындан тышкары, жолдорду тосуп, элдин тынчын алып, жай тургундар менен журналисттерге тоскоолдук жараткан.

Натыйжада укук коргоо органдары тарабынан 40 адам кармалып, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Бишкек ШИИББ учурда башаламандык уюштурууга аракет кылгандарды аныктоо жана кармоо иштери дагы деле жүрүп жатканын кошумчалады.

Мындан тышкары, азыр шаар толугу менен милициянын көзөмөлүндө экени айтылды.