Боз үйдө серүүндөгөн премьерлер. ЕАЭБ өкмөт башчылары сүрөттө

Sputnik

ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын отуруму "Рух-Ордо" маданий-этнографиялык комплексинде жана "Боз үй" конок үйүндө өттү. Иш-чара алгач тар чөйрөдө болуп, андан соң кеңири курамда уланды.

1 / 14
Жыйынга Евразия экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары жана Евразия экономикалык комиссиянын төрагасы Тигран Саркисян да катышты.
2 / 14
Кыргызстанга келген премьер-министрлер президент Сооронбай Жээнбеков менен жолукту.
3 / 14
Меймандар Тамчыдагы "Ысык-Көл" аэропортуна конушту.
4 / 14
Иш-чара "Рух-Ордо" маданий-этнографиялык комплексинде өттү.
5 / 14
Премьер-министрлер менен ЕЭКтин төрагасына Ысык-Көлдөгү аба ырайы жакты.
6 / 14
РФ өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев Ысык-Көлдө буга чейин болгондугун, бирок келген сайын анын сулуулугуна суктанарын айтты.
7 / 14
ЕАЭБдин өкмөт башчылары Ысык-Көлдө биринчи жолу жолугушту.
8 / 14
Алар бейрасмий форматтагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
9 / 14
Комплекстин аймагына боз үй тигилген. Ал жакта премьер-министрлер менен ЕЭКтин төрагасы да тар чөйрөдө жолукканга чейин кезиккен.
10 / 14
Отурумдун катышуучуларына боз үй жаккан өңдөнөт.
11 / 14
"Боз үй" конок үйүндө отурум тар чөйрөдө өткөн.
12 / 14
Өкмөт башчылар экономикалык интеграция, нормативдик-укуктук базаны жакшыртуу, каржы саясаты, экономика, соода жана өнөр жай тармагында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн кызматташтыгын талкуулашкан.
13 / 14
Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев ЕЭКтин тосмолорун алып салууну, ал үчүн комиссияга кошумча ыйгарым укуктарды берүү керектигин сунуштады.
14 / 14
Кеңештин жыйынтыгы менен 12 документке кол коюлду.