Тосулган жол, жайылган өрт... Атамбаевди кармаганга чейин Кой-Таштагы абал сүрөттө

Sputnik

Шаршемби күнү, 7-августта, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө атайын кызматтын аскерлери басып киришкен. Операция учурунда ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 80ден ашуун киши жаракат алган.

Кийинки күнү, 8-августта, ички иштер органдарынын кызматкерлери операция өткөрүп, ал жакта чогулган эл менен кагылышуулар болгон. Окуяда жергиликтүү тургундар менен укук коргоо органдарынын кызматкерлери түрдүү жаракат алган. Кеч курун Атамбаев өз үйүндө кармалып, УКМКга алып келинген.

1 / 13
Атамбаевдин үйүнө эл эртең менентен баштап эле чогула баштаган.
2 / 13
Түштөн кийин тарапташтар Бишкек шаарына келмек.
3 / 13
Анда Атамбаевдин жактоочуларынын саны 400гө чамалаган.
4 / 13
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө жөө-жалаңдап бара жаткан аскерлер.
5 / 13
Кой-Таш айылында жүргөндөр менен телефон аркылуу байланышуу мүмкүн болбой калган.
6 / 13
Операция маалында бир нече унаа өрттөнгөн.
7 / 13
Түштөн кийин Кой-Таш айылына онго жакын унаа менен укук коргоо кызматкерлери келген.
8 / 13
Анда формачандар менен Атамбаевдин тарапташтары кагылышкан.
9 / 13
Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери желим ок пайдаланса, чогулган эл таяк, таш менен каршылык көрсөткөн.
10 / 13
Кечинде Атамбаев колго түшүп, УКМКга суракка алып келинген.
11 / 13
Кечке маал Атамбаевдин тарапташтары кайра чогулган.
12 / 13
Атчан да болуп келишти.
13 / 13
Операцияга УКМК, ИИМ кызматкерлери да катышты.