БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Кой-Таш айылынан Бишкекти көздөй жүздөгөн киши жөө-жалаңдап, машина менен, атчан болуп келе жатат. Чогулган эл учурда 7-апрель көчөсү менен келип, магистралдан өтүп калды. Бул тууралуу кабарчыбыз билдирди.
Анын айтымында, чогулгандардын көбү медициналык беткап кийип алышкан. Андан сырткары, жолдогу "Коопсуз шаардын" бир камерасын талкалап, өрт өчүрүүчү унаа менен Тез жардам унаасын тартып алышкан. Учурда алар журналисттерге сүрөт-видеого тартууга уруксат бербей жатышат.
Кабарчыбыздын билдиришинче, алар "Ала-Тоо" аянтын көздөй бет алган.
8-августтун кечинде Атамбаевдин тарапташтары "Ала-Тоо" аянтына чогулуп, Чүй проспектисин тороп алышкан. Укук коргоо органдары чогулган элди күч менен таратууга аракет кылып, катуу үн чыгаруучу граната жана көздөн жаш агыза турчу газды колдонушту. Атайын даярдыктагы аскерлер 9-августка караган түнү аракеттерин улантууда.