Кой-Таштан жабыркагандардын канчасы ооруканада? Министрликтин жообу

Эки күндө медициналык жардам үчүн жалпы жонунан 98 киши кайрылган, алардын арасында спецназдын 47 жаштагы жоокери каза болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Кой-Таш айылында 8-августтагы операция маалында жабыркаган 52 адам ооруканага кайрылып, анын ичинен 10у жаткырылды. Мындай маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги таратты.

Негизи 7-8-август күндөрү жабыркагандардын 20сы ушул тапта ооруканада.

"Алардын 13ү — Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда, төртөө — Улуттук госпиталда, үчөө — Чүй облустук бириккен ооруканасында дарыланууда", — деп айтылат маалыматта.

Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы тандалды
Кой-Таш айылындагы курч кырдаалдан улам жабыркагандар түшкөн бардык ооруканалар жана Тез жардам кызматы толугу менен керектүү дары-дармек жана жабдуу менен камсыздалганы айтылды.

Эскерте кетсек, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция 7-августта башталып, ал максатына жетпей калган. Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, натыйжада ок атылган. Операция эртеси да уланып, кечинде мурунку президент багынып берген.

Министрликтин билдиргени боюнча, эки күндө медициналык жардам үчүн жалпы жонунан 98 киши кайрылган. Анын бири, спецназдын 47 жаштагы жоокери каза болгон.