ИИМ кызматкерлери "Медиа Форумга" келип Карамушкинаны алып кетишти. Видео

Бүгүн Атамбаевдин төрт жакын адамы суракка чакырылганы белгилүү болду.
Sputnik

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина суракка чакырылды. Аны ИИМ кызматкерлери алып кетип жаткан видеону "Апрель" телеканалы Facebook баракчасында түз эфир аркылуу көрсөттү.

Кундуз Жолдубаева бошотулду. Ал кайсы иш боюнча сурак берген?
Карамушкинаны суракка чакырып Ички иштер министрлигинин кызматкерлери "Медиа Форумга" келген. Ал чыгып тергөөчүнүн чакыруу кагазы менен таанышты. Чакырылгандардын тизмесинде өзүнөн сырткары Асел Кодуранова, Равшан Жээнбеков жана Мээрбек Мискенбаев бар экенин окуду.

Андан соң ИИМ кызматкерлери менен кошо унаасына отуруп кеткен.

Белгилей кетсек, Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн 8-августта кечке жуук кармап, УКМКнын имаратына алып келишкен. Ал эми саат 21.00дөрдө жакындары Фарид Ниязов, Кундуз Жолдубаева, Кыяз Смаилов жана бир жан сакчысы Ички иштер министрлигине алып келинген.