Фарид Ниязов убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Ал эми мурунку президент камакта 26-августка чейин калмай болду.
Sputnik

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. КСДП төрагасынын орун басары Фарид Ниязов Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин ИИМ кабарлады.

Атамбаев кайсы берене менен шектелип жатат? Соттун түшүндүрмөсү
Анын баш коргоо чарасы 10-август күнү тандалмакчы. Бүгүн мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева менен үзөңгүлөшү депутат Ирина Карамушкина суракка чакырылган.

Ал эми Атамбаевдин өзү 8-август күнү атайын операциянын натыйжасында кармалып, УКМКнын тергөө абагында. Бирнчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 26-августка чейин камакта калтырды.