Согуш талаасындай! Атамбаевдин үйү атайын операциядан кийин. Сүрөттөр

Sputnik

Мурунку президенттин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 100гө чукул киши ар кандай жаракат алган. Андан сырткары, Атамбаевдин үйү да талкаланып, короосунда өрт чыккан.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаевди Биринчи Май райондук соту 26-августка чейин камакта калтырды.

1 / 13
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү.
2 / 13
Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен Атамбаевдин тарапташтары кагылышып, ок атылган. Андан сырткары, микроавтобустар да күйгөн.
3 / 13
Атайын аскерлер дарбазаны машина менен сүзүп киргени айтылган.
4 / 13
Айрым автотранспорттор толугу менен күйүп кеткен.
5 / 13
Кагылыш учурунда желим октор атылып, көздөн жаш агызуучу газ баллондору ыргытылган.
6 / 13
Атамбаевдин тарапташтары көптөн бери Кой-Таштагы үйүндө болчу.
7 / 13
Короодо чыккан өрт имараттын бооруна да жабышкан.
8 / 13
Үйдүн тосулуп турган дарбазалары талкаланган.
9 / 13
Чыр-чатак чыккан учурда ушундай октор атылган.
10 / 13
Үч көтөрүлгөн үйдүн ичи.
11 / 13
Талкаланган дарбазаны ширетип жаткан жумушчу.
12 / 13
Жаңжал чыккан аймактын чет жакасын тазалашууда.
13 / 13
7-8-августта болгон окуяга карабастан сүрөткө түшкөн жаш жубайлар.