Атамбаевдин УКМКдагы бет маңдай, капталынан тартылган сүрөтү тарады

Атамбаев Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына калтырылган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Интернетте Алмазбек Атамбаевдин тергөө абагындагы делген сүрөтү тарап жатат.

Анда Атамбаевдин ак көйнөкчөн бет маңдай жана капталынан сүрөткө түшүп бергенин көрүүгө болот.

Кундуз Жолдубаева бошотулду. Ал кайсы иш боюнча сурак берген?
Белгилей кетсек, Атамбаевди милиция кызматкерлери Кой-Таштагы үйүнөн 8-августта кечке жуук кармашып, УКМКнын имаратына алып келишкен. Атамбаевдин баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук сотунун судьясы карап, соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына 26-августка чейин киргизилген.

7-августта кечинде УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн, бирок андан майнап чыккан эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан 98 киши жаракат алып, спецназдын бир жоокери каза болгон.