БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейтек Атамбаев агасы Сейит укук коргоо органдарына сурак берип келгенин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
"Урматтуу кыргыз элим! Учурда мени эч ким эч жакка кармап кеткен жок. Буга чейинки тараган маалымат боюнча айтсам, бир тууган агам Сейитбекти суракка чакырып, кайра коё беришти", — деди ал.
⠀Сейтек Атамбаев ошондой эле элди чагымчылдыкка алдырбоого чакырып, өлкөгө тынчтык керек экенин айтты.
Белгилей кетсек, 8-август күнү кечинде мурунку президент Алмазбек Атамбаев күч түзүмдөрүнө багынып берген. УКМКга алып келинген Атамбаевдин баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соту тандап, 26-августка чейин камакта калтырган.
Бүгүн эртең менен Атамбаевдин үзөңгүлөштөрү суракка чакырылып, Кундуз Жолдубаева коё берилсе, Фарид Ниязов убактылоо кармоочу жайга киргизилген. Анын баш коргоо чарасы 10-августта тандалмакчы.