Атамбаев кайсы берене менен шектелип жатат? Соттун түшүндүрмөсү

Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин тергөө абагына киргизилди.
Sputnik

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кайсы кылмыштарга шектелип жатканын айтты.

"9-августта прокурордун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын карап, камакка алуу боюнча өтүнүчү келип түштү. Ал КРдин Жазыктар кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүмү ("Кылмышка аралашуу") жана 319-беренесинин 2-бөлүмү ("Коррупция") боюнча шектелүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Тергөө судьясы өтүнүчтү канааттандырып, Атамбаевди УКМК тергөө абагына 26-августка чейин калтырды.

Атамбаевдин кармалышы

Атамбаевдин УКМКдагы бет маңдай, капталынан тартылган сүрөтү тарады
7-августта кечинде УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн, бирок андан майнап чыккан эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан 85 киши жаракат алып, спецназдын бир жоокери каза болгон.

Эртеси күнү аны колго түшүрүү аракеттерин ИИМ колго алган. Ошол эле күнү кечинде Атамбаев Кой-Таштагы үйүнөн кармалып, УКМКнын имаратына алып келишкен.