Жээнбеков: Атамбаев эми күбө эмес, оор кылмышка шектүү катары чакырылат

Президент "Кой-Таштагы кырдаалда бийликтин абийири төгүлсө да, мекендештердин каны төгүлбөсүн деп операция токтотулганын" белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эми суракка оор кылмышка шектүү катары чакырыла турганын билдирди.

Мамлекет башчы күч органдары тарабынан мыйзам толугу менен сакталганын, бирок Атамбаев мыйзам талаптарын одоно бузганын белгиледи.

"Атамбаевди алып чыга албай калды, бийлик алсыздыгын көрсөттү дегенге карабай кошумча күч жөнөтүлгөн жок. Атамбаевдин тарапташтары курал колдонсо да, бийликтин абийири төгүлсө да мекендештердин каны төгүлбөсүн дедик. Айтылган фактылар боюнча кылмыш иши козголду. Атамбаев буга чейин күбө катары чакырылып келсе, эми оор кылмышка шектүү катары чакырылат", — деди президент.

Кой-Ташты көздөй үч КамАЗ, беш автобус, эки бус менен милиция кетти. Видео
Кезексиз сессияга чогулган депутаттарга маалымат берүү үчүн премьер-министр, башкы прокурор, УКМК төрагасы, ИИМ башчысынын орун басары, саламаттыкты сактоо министри келген.

Эске салсак, Атамбаевди кармоо операциясы 7-августтан 8-августка караган түнү болду. Анда 50дөн ашык адам жабыркап, бир спецназ жоокери каза тапты.

Ушул тапта Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаал боюнча Жогорку Кеңеште кезексиз жыйын өтүп жатат.