Жай тургундар Көк-Жар айылында жол бууп турган милицияга карата таш ыргытып, аларды жолдон сүрүп чыгарды. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Окуя бүгүн кечке жуук болгон.
Милиция Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарын Кой-Таштагы үйүнө өткөрбөө үчүн жолду бууган. Бирок 100-150дөй киши укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө таш ыргытып, аларды кысмакка алып, жолду ачышты деди күбө.
"Жол ачык. Милиция четке чыкты. Болжол менен 100-150дөй киши жүрөт. Алар милицияга таш ыргытканда тигилер калкан менен коргонушту. Кишилер мечиттин жанындагы жолду ээлеп алышты. Милициянын тобу "Ала-Тоо" совхозу тарапка жылды. 7-апрель көчөсүнө киши толуп, Кой-Ташты көздөй бет алышты. Бир мүнөттөй мурун кишилер милицияга атырылып, бирок кайта артка басышты", — деди ал.
7-августта кечинде УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн. Бирок андан майнап чыккан эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан 50дөн ашык киши жаракат алып, спецназдын бир жоокери каза болгон.