УКМК Өмүрбек Бабанов өлкөгө кайтып келсе эмне болорун айтты

Буга чейин социалдык тармактарда Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келет деген маалыматтар тараган.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. УКМК мурдагы депутат Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертти. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга чейин социалдык тармактарда Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келет деген маалыматтар тараган.

Төрага Жумабеков айрым депутаттардын Бабановго жолукту дегени боюнча үн катты
УКМК Бабановго эки кылмыш иши козголгонун эскертти. Биринчисинде улут аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылса, экинчисинде бийликти күч менен басып алмакчы болгон деп күнөөлөнгөн.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабанов 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду алган. Андан кийин өлкөдөн чыгып кетип, саясаттан биротоло кеткенин билдирген.