Жогорку Кеңешке президент Сооронбай Жээнбеков келди

Мамлекет башчысы элге кайрылып, маселелер мыйзам чегинде чечилерин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына келди.

Өлкө башчы өз сөзүн кечээги кагылышуудан каза тапкан жоокердин өлүмүнөн баштады.

"Кырчындай жигиттин өлүмү бийликтен да, байлыктан да, саясий дымактан да жогору турат. Менин дагы жүрөгүм аябай ооруп турат. Бул аябай орду толгус жоготуу, бирок мындай болбошу керек эле. Арты кайырлуу болсун”, — деди Жээнбеков.

Андан соң элге кайрылып, баары жакшы болорун, маселелер мыйзамдын негизинде чечилерин белгиледи.