Өкмөт башчы Солтон-Сарыдагы акыркы чыр эмнеден чыкканын айтты

5-август күнү Zhong Ji Mining компаниясынын кызматкерлери менен жергиликтүү тургундардын ортосунда жаңжал чыгып, тараптар бири-бирин ташка алган.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Солтон-Сарыда алтын казган кытай компаниясынын айланасындагы чыр эки тургун таяк жегенден кийин чыкканын айтты. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.

"4-августта Оттук айылынын эки жараны жайлоодогу туугандарына баратып, машинасы ысып кетип түнкү саат 11лерде токтошкон. Алар электр энергиясын тартып барган түркүктөрдүн жанында 20дай кытай жараны отурган жерге кирип суу сурашкан. Бири-бирин түшүнбөй калганбы, Kыргызстандын жарандары кыргызча сүйлөп, кытайлар өз тилинде сүйлөп, түшүнбөстүк болуп мушташ чыккан. Экөө таяк жегенин айтып жатышат. Ооруканага келип жатышкан. Анализдери чыккан. Алар келе жатып машинасы менен кырсыкка учурап, аңга да кирип кетишкен", — деди ал.

Абылгазиев ушул окуядан кийин жергиликтүү эл чогулуп, кытай компаниясынын өкүлдөрү менен пикир келишпестик болгонун кошумчалады.

Солтон-Сарыда алтын казган кытай компаниясы качан иштей баштары айтылды
Белгилей кетсек, 5-август күнү Zhong Ji Mining компаниясынын кызматкерлери менен жергиликтүү тургундардын ортосунда жаңжал чыгып, тараптар бири-бирин ташка алган. Натыйжада чатактан жабыркагандардын саны 40ка чамалап барган. 6-августта биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган бир катар аткаминерлер Нарын облусуна барып, ошол аймактагы айылдардын жашоочулары менен жолугуп, чырлашкан эки тараптын тең жүйөлөрүн уккан. Жолугушууда чогулган эл бийликке талап коюп, өкмөт башчы менен спикер үч күндүн ичинде келип көйгөйдү жеринен чечип берүүсүн талап кылышкан.

6-август күнү кечинде Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги билдирүү таратып, кыргыз өкмөтүнө бир катар талаптарды койгон. Кытай компаниясы бир айга чейин ишин убактылуу токтоткон.

Азыркы тапта кырдаал туруктуу экенин, ал эми компания ишин токтотконун билдирди.