Радио

Мамбетсеитова: Бишкек шаары боюнча 22 социалдык кызмат көрсөтүлөт

Ленин райондук социалдык коргоо башкармалыгынын жетекчиси Бүбүажар Мамбетсеитова аталган мекемеде 63 киши иштей турганын айтты.
Sputnik
Мамбетсеитова: Бишкек шаары боюнча 22 социалдык кызмат көрсөтүлөт

Бүгүнкү күндө Бишкек шаары боюнча 22 социалдык кызмат көрсөтүлөт. Бул тууралуу Бүбүажар Мамбетсеитова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 22 социалдык кызматтын ичине материалдык жардам, айлык жана кварталдык стипендиялар да кирет.

"Биздин башкармалыкта жалпы 63 киши иштейт. Бишкек шаары боюнча 22 социалдык кызмат көрсөтүлүп келет. Анын ичине материалдык жардамдар, айлык жана кварталдык стипендиялар да кирет. Учурда социалдык кызматты пайдаланууга Ленин районунда 19 миңдей жаран каттоодо турат. Жардамга муктаж жарандарга көмөк көрсөтүүдөн сырткары эки жашка чейинки балдарга сүт тамактарын да берип келебиз. Ошондой эле былтыркы жылдан баштап көмүрдүн ордуна акча берилип баштады", — деди Мамбетсеитова.

Ал 19 миң жарандын арасынан 100дөн ашыгы эс алуу пансионаттарына жолдомо алууга жазылгандыгын кошумчалады.