Чабуулду улантабыз. УКМК төрагасынын билдирүүсү

УКМК төрагасы Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калганын мойнуна алып, президентке арыз берген.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев парламенттин кезексиз жыйынында чабуул улантыларын билдирди.

"Чабуулду улантабыз. Мен ишти аягына чыгарышым керек", — деди УКМК төрагасы.

УКМК башчысы: эми кадамдар башкача болот, мен ишимди бүтүрүп анан кетем
Буга чейин УКМК төрагасы Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калганы жана аскерлердин каза болуп, жаракат алганы үчүн күнөөлүү экенин моюндап, кызматын тапшыруу ниетинде президентке арыз бергенин айткан.

Ал эми мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште билдирүү жасап жатып, Опумбаевдин отставкасын кабыл албаганын белгиледи. Буга анын мойнунда кырдаалды жайгаруу тапшырмасы турганы себеп экенин билдирди