Кулактын чуулдаганы кандай оорулардан келип чыгары айтылды

Адистер кулагында чуу пайда болгондор ЛОРго кайрылуусу зарыл экендигин белгилешкен.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кулактагы чуу олуттуу илдеттерден кабар бере турганын "Известия" дарыгерлерге таянуу менен жазды.

Адистердин айтымында, үндүн же чуунун пайда болушу кулактын сезгенип калуусунун белгиси. Буга кулакка суунун же башка майда заттардын кирип кетиши себеп. Бул учурда ЛОР (кулак-мурун-тамак) дарыгерге кайрылуу зарыл экендиги айтылды.

Баламдын дүлөй экенин билбей эле... Эненин муң-зары
Ошондой эле кулактын чуулдашын кандын жогорку басымы жана атеросклероз илдеттери да шарттайт. Мында жүрөктүн бүлкүлдөп сокконундай үн угулуп турат.

Андан тышкары, угууга тоскоолдук жараткан үндөр моюн остеохондрозунан дагы болот. Натыйжада моюн бөлүктө кан айлануу жакшы жүрбөгөндүктөн мээге кан жетпей калышы мүмкүн. Бул көйгөй менен жабыркагандарды дарыгер укалоого барууга сунуштаган.

Жогоруда санап өткөн симптомдордон тышкары кулактагы чууга стресс дагы себеп.