Атамбаевдин үйүнө бараткан аскерлердин жоон тобу. Кой-Таштагы сүрөттөр

Жүздөгөн аскерлер чабуул коюуга даярданып жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө жөө-жалаңдап бара жаткан аскерлерди Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы сүрөткө тартып жиберди.

Кадрлар саат 16.00дөр чамасында тартылган. Анда куралданган аскерлер Кой-Таштагы Атамбаевдин үйүнө жакын калганы көрүнөт. Кабарчынын айтымында, бул учурда жүздөгөн аскерлер чабуул коюуга даярданып жаткан.

Кабарчынын билдиришине караганда, укук коргоо органдары саат 16.30да атайын машина менен дарбазаны сүзүп киришкен. Атамбаевдин короодогу тарапташтарын көздөн жаш агызуучу газды пайдаланып, чыгарышкан. Ал эми мурунку президенттин үйүнүн ичинде атышуу болуп жатканы айтылды.

Кой-Таш айылында жүргөндөр менен телефон аркылуу байланышуу мүмкүн болбой жатат. Интернет дагы иштебей калууда. Кабарчылар Көй-Жар айылынан келип маалымат беришти.