Кой-Ташты көздөй үч КамАЗ, беш автобус, эки бус менен милиция кетти. Видео

Буга чейин Атамбаевдин үйүнүн алдында элдин саны көбөйүп жатканы айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Ушу тапта Кой-Таш айылын көздөй үч КамАЗ, беш автобус жана эки бус менен милиция кызматкерлери бет алганын жеринен кабарчы билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Алмазбек Атамбаев саат 16.00дө элдин жоон тобу менен "Форумга", андан соң Ак үйдүн алдына бара турганын айткан.

Кабарчы Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн алдына эл чогулуп жатканын билдирген.