Милиция Атамбаевдин үйүнө чейинки жолду ачты

Буга чейин укук коргоо органдары элди Атамбаевдин үйүнө киргизбей турган.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кой-Таштагы милициянын жоон тобу жолду тосконду токтотуп, укук коргоо органдары көзгө урунбай калганын Sputnik маалымат агенттигинин кабарчысы жеринен кабарлады.

Алмазбек Атамбаев бийлик менен элге кайрылуу жасады
Милициялар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн 2-3 чакырым алысыраак туруп, элди өткөрбөй турган. Учурда жолдор ачылып, унаалар байма-бай саясатчынын үйүнө бет алууда.

Белгилей кетсек, 7-августта кечинде Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргөн. Анда жай тургундар менен атайын даярдыктагы жоокерлер жаракат алган. Спецназдын бир жоокери алган жаракатынан каза болгон.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматы боюнча, ооруканада жаткандардын саны 44кө жетти.