Кой-Ташта Атамбаев менен милиционерлердин ортосунда кагылышуу башталды

Тараптар бири-бирине таш ыргытууда.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары менен милициянын ортосунда кайтадан кагылышуу башталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

УКМКнын башчысы Опумбаев отставкага кетүүгө даяр
Ага ылайык, учурда Кой-Таш айылы жакта 200дөй милиция кызматкери чогулуп турат. Атамбаевдин жактоочуларынын саны да 400гө чамалайт. Милиция тарапка таш жана бөтөлкөгө куюлган бензин ыргытылууда. Тартип сакчылары болсо көздөн жаш агызуучу газ колдонуп жатканы айтылды.

7-августта кечинде УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн. Бирок андан майнап чыккан эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан 50дөн ашык киши жаракат алып, бир жоокер каза болгон.