Кой-Таш окуясы: Чүй милициясынын башчысы Курманкуловдун башына таш тийди

Курманкулов Кой-Таштагы окуяда кырсыктаган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Чүй облустук ИИББдин жетекчиси Самат Курманкуловдун башына операция жасалып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Курманкулов мээси чайкалып, оор жаракат алган. Ага Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда баш сөөктү тешүү (трепанация) жолу менен операция жасалып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Анын абалы оор экендиги айтылат.
Белгилей кетсек, 7-августта кечинде Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргөн. Анда жай тургундар менен атайын даярдыктагы жоокерлер жаракат алган. Спецназдын бир жоокери алган жаракатынан каза болгон.
Саламаттык сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматы боюнча ооруканада жаткандардын саны 44кө жетти.