Радио

Чекирова: өзүн-өзү башкаруу мыйзамы экономикалык пайда алып келет

Серепчи Айнура Чекирова ишкерлик чөйрөсүндө өзүн-өзү башкаруу мыйзамы бүгүнкү күндө Кыргызстанга керек экенин айтты.
Sputnik
Чекирова: өзүн-өзү башкаруу мыйзамы экономикалык пайда алып келет

Бизнес тармагында өзүн-өзү башкаруу мыйзамы өлкөгө экономикалык жактан пайда алып келет. Мындай пикирин Айнура Чекирова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда бул мыйзам долбоору Кыргызстан үчүн саамалык.

"Биздин жарандарга жана мамлекеттик органдарга ишкерлик багытында өзүн-өзү башкаруу мыйзамы жаңылык болуп жатат. Буга чейин мындай долбоор сунуштала элек болчу. Ал иштеп баштай турган болсо, ишкерлердин жумушун мамлекеттен сырткары башка уюмдар көзөмөлдөй алат. Бул нерсе өлкөнүн бюджетине пайда келтирип, каражатты үнөмдөөгө шарт түзөт. Коңшу өлкөлөрдү эле карай турган болсок, ишкерлер өзүнө жана өлкөгө ыңгайлуу мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып, аны кабыл алып, иш алып бара беришет. Россиянын да курулуш компаниялары ушул мыйзамды колдонуп, учурда ийгиликтүү иштеп жатат", — деди серепчи.

Ал дүйнөлүк практикада ишкерликте өзүн-өзү башкаруу мыйзамы актуалдуу экендигин кошумчалады.