Мародерлукка жана башаламандыкка жол берилбейт! Мэриянын билдирүүсү

Мэрия укук коргоо органдары менен биргеликте коомдук тартипти камсыздай турганын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясы борбордо башаламандыкка жана мародерлукка жол берилбей тургандыгын билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардагы бардык кызматтар жана муниципалитеттин бөлүм түзүмдөрү штаттык режимде иштеп, калаанын тиричилигин камсыздайт.

Ошондой эле муниципалитеттен ишкерлерди тартипти сактап, сабырдуу болууга чакырышты.

"Шаардагы туруктуулук бардыгыбыздын биргелешкен күч-аракетибизден көз каранды. Мэрия борбордогуларды мыйзамсыз жана күмөн жараткан иш-чараларга катышуудан оолак болууга чакырат. Биз укук коргоо органдары менен биргеликте коомдук тартипти камсыздайбыз. Чагымчыл аракеттер мыйзамдын негизинде каралат", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 7-августта УКМК Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын ишке ашырууга аракет кылып, атайын даярдыктагы бөлүмдүн жоокерлери Кой-Таштагы үйүн басып кирген. Натыйжада эл менен кагылышуу болуп, операция ишке ашпай калган. Атышуудан 50дөн ашык киши жабыркап, спецназдын бир жоокери каза тапкан.