Белоруссия менен Казакстандын өкмөт башчылары Чолпон-Атага келди

Эки мамлекеттин өкүлү Евразиялык экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин премьерлеринин өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик жыйынына катышуу үчүн келишти.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Белоруссиянын премьер-министри Сергей Румас менен Казакстандын өкм

өт башчысы Аскар Мамин иш сапары менен Кыргызстанга келишти. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Аларды Тамчы айылындагы  "Ысык-Көл" эл аралык аба майданынан Кыргызстандын вице-премьери Замирбек Аскаров тосуп алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Сергей Румас менен Аскар Маминди президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

Эки мамлекеттин өкүлү Евразиялык экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин премьерлеринин өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик жыйынына катышуу үчүн келишти. Иш-чара 9-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтөт.