"УКМКнын атайын операциясы учурунда курал менде гана бар болчу, элдин колунда рогатка да болгон эмес". Бул тууралуу Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө тарапташтарынын алдына чыгып сүйлөгөн сөзүндө айтты.
Ушу тапта Кой-Ташта 200-300дөй адам жүрөт. Атамбаев буга чейин кол салуу болсо курал менен коргонууга даяр экенин айтканын белгиледи.
Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция жүргүзүүдө.