Атамбаевдин тарапташтары жоокерлерди туткундап алган видео

Атамбаевдин тарапташтары жоокерлерге каршы турушкан.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Интернетте мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын атайын даярдыктагы бөлүктүн аскерлерин туткундап алган видеосу тарады.

Кадрлар "Короче" Telegram-каналына жүктөлгөн. Видеодон диванда эки аскердин отурганын, аларды Атамбаевдин кишилери тегеректеп алганын көрүүгө болот. Арасынан айрымдар аскер кызматкерлерине тийбөөгө чакырган.

Кой-Ташта Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция башталганда, мурдагы президенттин тарапташтары атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлерине каршы турган. Акыркы маалыматтар боюнча, кырдаалдан 36 киши жабыркап, бир жоокер каза тапты.