БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары "Ала-Тоо" аянтына чогулуп, Чүй проспектисин тосуп алды. Бул тууралуу кабарчыбыз жеринен билдирди.
Анын айтымында, учурда борбордук аянтка эл чогулуп жатат. Алар жол жээгинде турган темир тосмолор менен Чүй проспектисин тосушту. Автоунаалардын кыймылында бир аз тоскоолдуктар бар. Чогулган эл журналисттерди сүрөт, видеого тартпоосун талап кылышууда.
Белгилей кетсек, Атамбаевди милиция кызматкерлери Кой-Таштагы үйүнөн 8-августта кечке жуук кармаган. Анын кеңешчиси Кундуз Жолдубаеванын айтымында, учурда Атамбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратына алынып келген.
Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков 8-августта Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, Атамбаевдин аракети боюнча өзүнүн пикирин билдирген. Жээнбеков Атамбаев мурда шектүү катары суракка чакырылып келген болсо, эми оор кылмыш жасаган киши катары чакырыларын айткан.
Жогорку Кеңеш дагы бүгүн чукул жыйынга чогулган.